15.02.2024

2, 2024 3 11 16:49:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз  XXXXII   сессиясынын

                                 №   46  Т О К Т О М У

            15.02.2024-жыл                                                  Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол  айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы № 10 Т.Казатов атындагы  орто мектептин эски орду  жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы Т.Казатов атындагы орто мектепке жаңы имарат салынгандыгына байланыштуу,  эски мектептин ордунда бош калган жер аянттын башкы планга  өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  XXXXII сессиясы  токтом кылат :               

  1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
  2. Т.Казатов атындагы орто мектебинин  бош калган эски имаратынын жер аянттын башкы планга  өзгөртүү боюнча иш алып барууга, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге  макулдук берилсин.
  3. Жер тилкесин биринчи кезекте ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, бирөөнүн кароосуна муктаж жарандарга бөлүштүрүп берүү боюнча, мыйзам чегинде, көрсөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге, Кара-Суу айылынын башчысы А.Орозовго тапшырылсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

           Төрага                                                                                  Т.Өзүбеков