11.04.2023

3, 2023 5 30 09:29:00

                       Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  XIII  чакырылышынын                                                                кезексиз      XXVIII  сессиясынын

                                                     №  19  Т О К Т О М У

11.04.2023-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

“Чакмак-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомуна кен казууга макулдук берүү жөнүндө

         “Чакмак-Таш” ЖЧКна Сасык-Сай участкасынан кварц ташын казып иштетүүгө макулдук берүү боюнча  Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз   XXVIII сессиясы токтом кылат:

 1. “Чакмак-Таш” ЖЧКна  Сасык-Сай участкасынан кварц ташын казып мыйзам чегинде иштетүүгө макулдук берилсин.

2.  Кварц ташын казууга жердин контурларын  жана аянтын мыйзам чегинде  тактап берүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге, жер боюнча башкы адис А.Молдоказиевге милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол  айылдык кенешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

4.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

                 

      Төрага                                                                                              Т.Өзүбеков