09.03.2023-ж.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
№ 10 Т О К Т О М У
09.03.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Комсомол айылындагы көрүстөндү тосуу ирээтке келтирүү үчүн акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Комсомол айылындагы көрүстөндү тосуу ирээтке келтирүү үчүн Токтогул шаардык мэриясынан Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн атайын эсебине (спец.счет) түшкөн 400 000 сом, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 100 000 сом акча каражатын бөлүү үчүн Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевдин, ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын сунушун, Жаны-Жол айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат :
1.Жаңы-Жол айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 7-мартындагы № 2 чечими эске алынсын.
Негизги эсеп 4408041251000619
Раздел аппарат 70 111
статья 2215 100 000 сом
Атайын эсеп 4408041253000637
статья 2215 400 000 сом .
Жалпы : 500 000 сом.
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т. Өзүбеков