09.03.2023

6, 2023 3 17 04:47:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                                                 XXVI сессиясынын 

                                       № 9  Т О К Т О М У

         09.03.2023-жыл                                                          Жаңы-Жол айылы

 

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол айылынын социалдык объектилер үчүн калтырылган жердин жээгин аллея кылуу жөнүндө

         Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевдин Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол айылындагы социалдык объектилер үчүн калтырылган жердин жээгин аллея кылуу үчүн,  айланасын тосуу жана кайың көчөт тигүү жөнүндөгү сунушун, Жаңы-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат :

1.Жаңы-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын               2023-жылдын 7-мартындагы № 2 чечими эске алынсын .

2. Жаңы-Жол айылынын социалдык объектилер үчүн калтырылган жердин жээгин аллея кылуу үчүн айланасын тосуу жана кайың көчөт тигүүгө  керектүү документтерди, долбоорлорду даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы            Э. Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын тапшырылсын.

4.Бул токтом мамлекеттик  тилде гана кабыл алынды.

5.  Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.                                      

           Төрага                                                               Т. Өзүбеков