14.12.2022-ж.

2, 2023 1 23 10:20:00

                  Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII                                                   чакырылышынын кезексиз  XXIV сессиясынын

                                                      №  43 Т О К Т О М У

14.12.2022-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

         “Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 151-беренесинин  негизинде Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн  башчысы     Ч.Култаеванын сунушуна ылайык 2023-жылдын      1 -январынан  баштап жергиликтүү  салыктарды  Жаңы-Жол айыл аймагына киргизүү жөнүндө”

“Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 151-беренесинин  негизинде Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы   Ч Култаеванын сунушуна ылайык 2023-жылдын 1 январынан  баштап жергиликтүү  салыктарды             Жаңы-Жол айыл аймагына киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап,   Жаңы-Жол   айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз   XXIV сессиясы

                                        Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 151-беренесинин негизинде  Жаңы-Жол айыл аймагынын  2023-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгүдөй  жергиликтүү салыктын түрлөрү киргизилсин:

короо жай  жана багбанчылык жер участокторунун  пайдаланышы үчүн  жер салыгы;

айыл чарбасына багытталган жер салыгы;

айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы;

I-II-III- топтогу кыймылсыз мүлк салыгы;

2. Бул токтомду аткаруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы  Ч Култаевага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча  туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.                

   Айылдык кеңештин төрагасы                                       Т. Өзүбеков