20.06.2022

6, 2022 8 12 09:23:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз                           XVII сессиясынын

                                            №  25  Т О К Т О М У

  20.06.2022-жыл.                                                               Жаны-Жол айылы 

Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал айылына кичи футбол  аянтча куруу   долбоордук сунушун бекитүү жөнүндө                                                         

Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу долбоордук сунушту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин  долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечимин  талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып, Жаны-Жол айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын

                                           Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.

 “Арал айылына  кичи футбол аянтча куруу” долбоордук сунушу бекитилсин.

Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 15%ти, 605911сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдарынын өлчөмү 67640 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты 2022-жылы жергиликтүү бюджетинен долбоор ишке ашып калса бөлүнүп берилсин.

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл  өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Айылдык кеңештин төрагасы                                                Т. Өзүбеков