16.02.2021-жыл. 45-сессия № 3 токтом

2, 2021 4 12 12:01:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги  XXXXV сессиясынын 

                                              № 3  Т О К Т О М У

16.02.2021-жыл                                                                      Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “ДЕКО”  муниципалдык ишканасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүүнүн  тартиби жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын  жетекчиликке алуу  менен, айылдык кеңештин VII чакырылышынын  кезектеги XXXXV сессиясы 

                                            Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын 2020-жылда аткарган иши тууралуу маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата болжолдуу бюджети  2093400 (эки миллион токсон үч миң төрт жүз)  сомго бекитилсин (Тиркеме  тиркелет).

2021-жылдын 1-январынан баштап катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча төмөндөгү тарифтердин  эсеби бекитилсин:

- Жаңы-Жол айыл аймагынын калкы үчүн ар бир кожолуктан бир айга 50 (элүү) сомдон.

- Жаңы-Жол айыл аймагындагы чарба жүргүзүүчү ишканаларга, бюджеттик мекемелергебир айга 300 (үч жүз) сомдон.

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга бекитилген чыгымдарын пландарына жараша тактоо жүргүзүп, өз убагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сессияга сунуштап туруу жагы “Деко” муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери М.Станбековага тапшырылсын.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.           

 

         Айылдык кеңештин төрагасы                          Т. Өзүбеков