16-06-2020 ж. Сессия 37, Токтом 2

2, 2021 4 12 11:07:00

Айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясынын

                                            № 2 Т О К Т О М У

16.06. 2020-жыл                                                 Жаңы-Жол айылы

Долбоордун жалпы суммасынан учурдагы Ковид-19 пандемиясына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) доллар өлчөмүндө кыскартуу жөнүндө

КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агентигингин алдындагы “Токой экосистемаларын интегшрациялап башкаруу” долборунун ишке ашыруу бөлүмүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы №249-б сандуу катын Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы күн тартибинде угуп жана талкуулап

                                       Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу долбоорунун алкагында, Жаңы-Жол айыл аймагынын “Тегерек” участкасында түшүмдүүлүгү аз болгон жайыт жерлеринде жана деградация болгон муниципалдык өрүк бакта интенсивдүү алма жана өрүк плантацияларын түзүү долбооруна жалпы бөлүнгөн суммадан, учурдагы Ковид-19 пандемиясына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) доллар өлчөмүндө кыскартылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Айыдык Кеңештин төрагасы Т. Өзүбеков