23-12-2019 ж. Сессия 33, Токтом 3
Айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясынын
№ 3 Т О К Т О М У
23.12.2019-жыл Жаңы-Жол айылы
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушу жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кызыл-Туу айылына кичи футбол аянтчасын куруу долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 15% ды, 416501 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдарынын өлчөмү 46778 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты 2020-жылы жергиликтүү бюджетинен долбоор ишке ашып калса бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков