23-12-2019 ж. Сессия 33, Токтом 2

6, 2020 1 24 10:36:00

Айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясынын

                                                  № 2 Т О К Т О М У

23.12.2019-жыл                                                              Жаңы-Жол айылы

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушу жөнүндө

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                                              Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Жаны-Жол айылынын № 9 Умаров орто мектебинин“Ашкана” долбоордук сунушу бекитилсин.

2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 15% ды, 472906 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдарынын өлчөмү 73893 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты 2020-жылы жергиликтүү бюджетинен долбоор ишке ашып калса бөлүнүп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге жүктөлсүн.

Айылдык Кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков