16-12-2019 ж. Сессия 32, Токтом 5

6, 2020 1 24 09:43:00

Айылдык кеңешти VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын

                                               № 5 Т О К Т О М У

16.12.2019-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

“Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал-аарычылар биримдиги коомдук бирикмесине” жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

                                            Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Чычкан капчыгайынын Бишкек-Ош авто унаа жолу боюнан 0,05 га “Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал-аарычылар биримдиги коомдук бирикмесине” мыйзамдардын негизинде жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Э. Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы туруктуу комиссияга сунушталсын.

3. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы Т. Өзүбеков