16-12-2019 ж. Сессия 32, Токтом 4
Айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын
№ 4 Т О К Т О М У
16.12.2019-жыл Жаңы-Жол айылы
Жер салыгынын базалык ставкаларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Айылдык кенештин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жайыт жерлерге 1га жер аянты үчүн 0,5% же (12 сом 90 тыйын) болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы туруктуу комиссияга сунушталсын.
3. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т. Өзүбеков