16-12-2019 ж. Сессия 32, Токтом 1

6, 2020 1 24 09:06:00

Айылдык кеңештин VII – чакырылышынын кезексиз XXХII сессиясынын

                                                № 1 Т О К Т О М У

16.12.2019-жыл                                                           Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 2019-жылы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү же кошумча статьялар боюнча кабыл алуу жөнүндө төмөндөгү акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин,ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн жана Жаны-Жол айылдык Кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кошумча каражат 2019-жылдагы белгиленген пландан ашыкча аткарылган,жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешелердин эсебинен төлөнсүн.

2. Жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн акча каражаты төмөндөгү разделдерге статьялар боюнча 2019 -жылдын IV кварталына киргизилсин.

Раздел аппарат 70111 статья 21111100 80 000 (сексен миң) сом 21211100 20 000 (жыйырма миң) сом 22154900 300000 (үч жүз миң) сом 25111100 200 000 (эки жүз миң) сом

Раздел орто мектеп 70921 статья 22311200 400 000 (төрт жүз миң) сом 22221100 30 000 (отуз миң) сом

Раздел жайыт комитети 70429 статья 2215400 130000 ( бир жүз отуз мин сом ) сом

3. Кара Суу айылындагы бала бакчага эмеректерди жана ашкана буюмдарын алуу үчүн Раздел Бала бакча 70911 31113290 статьясынан 111 990 сом 22221100 статьясына жылдырылып берилсин.

4. Аппарат разделинин 2215 статьясына каралган акча каражаты айылдардын муктаждыктарына жараша жумшалсын.

Кызыл Туу айылы Байказак, Кадырбек, Ызаналы көчөлорго суу чыгаруу учун 115000 сом,

Бала-Чычкан 130000 сом,

Арал - 60000 сом,

Кара-Тектир 60000 сом,

Кайрак 20000 сом,

Жаны-Жол 115000 сом.

5. Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын каражат эсебине Токтогул районунун жана Жазы кечүү айылынын атайын эсебинен атайын каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин Байкоочу Кеңеши тарабынан колдоого алынган райондук масштабда “Яма беккари” курулмасын курууга 200 000 мин сом акча каражаты түшкөн бул акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин

Раздел аппарат атайын каража (спец средства) 70111 статья 31113290 200 000 мин сом

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

7. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков