№ 7 Токтом 17.12.2018 ж.

3, 2019 10 01 16:15:00

   Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын

                                         № 7 Т О К Т О М У

17.12.2018-жыл                                                       Жаңы-Жол айылы

   Бейшекеев Ооматкулдун ысымын көпүрөгө жана көчөгө ыйгаруу жөнүндө

   Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын “Бала-Чычкан айылынын тургуну маркум Бейшекеев Ооматкулдун ысымын Бала-Чычкан айылындагы аты жок жаңы көчөсүнө жана көпүрөгө ыйгаруу жөнүндө” 2018-жылдын 14-декабрындагы № 7 чечимин карап жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 14-декабрындагы № 7 чечими жактырылсын.

2.Жаңы-Жол айыл аймагынын Бала-Чычкан айылындагы “Диңгек” каналынан баштап Бала-Чычкан суусунан өткөн көпүрөгө, Ташыбек участкасындагы Казыбаев Бакыттын үйүнө чейин жана Ак-Бейитке чейинки аты жок жаңы көчөсүнө маркум Бейшекеев Ооматкулдун ысымы ыйгарылсын.

3.Бейшекеев Ооматкулдун ысымы ыйгарылган көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4.Бул токтомду райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы аркылуу каттоодон өткөрүү жагы Бейшекеев Ооматкулдун үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.

5. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы Т. Өзүбеков