№ 6 Токтом 17.12.2018 ж

3, 2019 10 01 16:11:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын

                                   № 6 Т О К Т О М У

   17.12.2018-жыл                                                       Жаңы-Жол айылы

   Турдуев Садыралынын ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө

   Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиянын Кайрак участкасынын тургуну маркум Турдуев Садыралынын ысымын Кайрак участкасындагы аты жок жаңы көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө

   2018-жылдын 14-декабрындагы № 7 чечимин карап жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 14-декабрындагы № 7 чечими жактырылсын.

2. Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кайрак участкасынын аты жок жаңы көчөсүнө маркум Турдуев Садыралынын ысымы ыйгарылсын.

3. Турдуев Садыралынын ысымы коюлган көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы Т. Өзүбеков