№ 3 Токтом 17.12.2018 ж.

3, 2019 10 01 15:45:00

   Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын

                                  № 3 Т О К Т О М У

   17.12.2018-жыл                                                         Жаңы-Жол айылы

   Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрү боюнча кошумча тизмеси жана анын стандарттары жөнүндө

   Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарттары жөнүндө " (03.09.2012-жылдагы № 603), "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" (03.07.2014-жылдагы № 302) токтомдоруна ылайык иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин карап, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

                                    ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Жаңы-Жол айыл аймагынын тургундары үчүн муниципалдык кызмат көрсүтүүлөр тутумун оптималдаштырып, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси жана алардын стандарттары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине кирген кызматтарды стандарттарга ылайык керектөөчүлөр чөйрөсүндө көрсөтүлүшү камсыздалсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Э. Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы Т.Өзүбеков