№ 2 Токтом 17.12.2018 ж.

3, 2019 10 01 15:35:00

   Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын

                                       № 2 Т О К Т О М У

   17.12.2018-жыл                                                            Жаңы-Жол айылы

   Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 19.11.2018-жылдагы “Булак-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү тууралуу №01-32/498 сунушу жөнүндө

   Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 19.11.2018-жылдагы “Булак-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү тууралуу №01-32/498 сунушу жөнүндө Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мамбетовдун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII -сессиясы

                                       ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүнүн 19.11.2018-жылдагы “Булак-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү тууралуу № 01-32/498 сунушу жөнүндө айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мамбетовдун билдирүүсү эске алынсын.

2. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу айылдардын ичүүчү таза сууларын көзөмөлдөө үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башкаруусу алдында "Булак-Суу" муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Абдывалы кызына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мамбетовго жүктөлсүн.

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы Т. Өзүбеков