№ 2 Токтом 14.12.2017 ж.

3, 2019 10 01 09:41:00

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIсессиясынын

                                             № 2 ТОКТОМУ

14.12.2017-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

Комсомол айылынын тургуну жеке ишкер Жунусалиев Бексултан Байжээновичке Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн“Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2017– жылдын №4 чечимин негиз кылып, Комсомол айылынын тургуну жеке ишкер Жунусалиев Бексултан Байжээновичке Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн “АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамы ыйгарылсын.

2. “АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы тийиштүү туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы : Т.Өзүбеков.