№ 4 Токтом 24.11.2017 ж.
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз X сессиясынын
№ 4 ТОКТОМУ
24.11.2017-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Чат, Чоң-Саз жайлоосундагы көпүрөгө маркум Райымкул уулу Мураттын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Чат, Чоң-Саз жайлоосундагы көпүрөгө маркум Райымкул уулу Мураттын ысымын ыйгаруу жөнүндө 2017-жылдын 23- ноябрындагы чечими бекитилсин.
2. Үч-Чат,Чоң-Саз жайлоосундагы көпүрөгө маркум Райымкул уулу Мураттын ысымы ыйгарылсын.
3. Райымкул уулу Мураттын ысымы ыйгарылган көпүрөнү ремонтто иштерине демөөрчүлүк кылып жардам көрсөтүп туруу жагы үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы : Т.Өзүбеков.