№ 3 Токтом 24.11.2017 ж.

3, 2019 10 01 09:36:00

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз X сессиясынын

                                                 № 3 ТОКТОМУ

24.11.2017-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Итагар жайлоосундагы көпүрөгө маркум Батырбеков Шамшынын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Итагар жайлоосундагы көпүрөгө маркум Батырбеков Шамшынын ысымын ыйгаруу жөнүндө 2017-жылдын 23-ноябрындагы чечими бекитилсин

2. Итагар жайлоосундагы көпүрөгө маркум Батырбеков Шамшынын ысымы ыйгарылсын.

3. Батырбеков Шамшынын ысымы ыйгарылган көпүрөгө ремонтто иштерине демөөрчүлүк кылып жардам көрсөтүп туруу жагы үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы : Т.Өзүбеков.