№ 2 Токтом 24.11.2017 ж.

3, 2019 10 01 09:35:00

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясынын

                                          № 2 ТОКТОМУ

24.11.2017-жыл                                                     Жаңы-Жол айылы

“Деко” муниципалдык ишканасына ыкчам башкарууга берилген, жаңы сатып алынган МТЗ-82-1 базасындагы эксковатор ЭО-26-1 техникасынын кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн тарифин кароо жөнүндө

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин экономика жана бюджетти пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 23-ноябрындагы №2 чечиминин негизинде Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык ишканасына ыкчам башкарууга берилген,жаңы сатып алынган МТЗ-82-1 базасындагы эксковатор ЭО-26-1 техникасынын кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн тарифин кароо жана айылдык Кеңешинин сессиясында бекитүү жөнүндө, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко”муниципалдык ишканасына ыкчам башкарууга берилген,жаңы сатып алынган МТЗ-82-1 базасындагы эксковатор ЭО-26-1 техникасынын кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн тарифин кароо жана айылдык Кеңешинин сессиясында бекитүү жөнүндө №1-чечиминин негизинде эксковатордун кызмат көрсөтүү тарифтери бекитилсин(тарифтин эсептери тиркелет).Негизи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, Курулуш жана Коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенствосунда чыгарылган “Курулуш иштерине бирдиктүү баалардын жыйнагы”.

2.Аз камсыз болгон категориядагы жарандарга жана ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга төлөм тарифтеринен 10% жеңилдик берилсин.

3.Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

4.Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы : Т.Өзүбеков.